Орозайым Нарматова этегине асылгандарга жооп кайтарды

Орозайым Нарматова этегине асылгандарга жооп кайтарды

17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова өзүнүн абийирине карата социалдык тармактардан айтылып келген ушак сөздөргө жооп кайтарды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда : » Достор, мен эн негизгиси Кудайдын, ата-энемдин жана элдин астында намысыма бек экенимди ишендирип айта алам. Колдооңуздар үчүн рахмат, бул ыпылас адамдар өздөрүнүн ыпыластыгы чыгып калбаш үчүн ушундай ыпылас жолдорго бара берет экен. Мындай (катастрофага), улутту кыйроодон сактап калуу үчүн чогуу күрөшүүгө чакырам»-деп жазган.