
Оролбек Акпаров менен Марлис Асановдун жоопкерчилиги каралса…
03-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОш шаарында топтошуп, мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул боюнча иликтөө, тергөө иштери аягына чыкпай турат. Ошол эле кезде 14 миллион долларды карактоо болду. Дал ушул иштердин жыйынтыгын чыгарбайлыбы? Эмне үчүн тийешелүү жетекчилик маани бербейт? Ош шаарындгы адам өлтүрүү, аткылоо боюнча кимдер жооп беришет? ГУУРдун начальниги Оролбек Акпаровбу, же Ош ШИИБ начальниги Марлис Асановбу? Үрөй учурган оор кылмыштарга тийешелүү жетекчилер үн катышпаса, карапайым эл эмне дейт? Мындай маселеге жогорку жетекчилик маани бериши зарыл. Өлкөдөгү залалдуу жоболоңдордун аягына чыгышпай, башты айлантышууда…
«Азия Ньюс» гезити