Орой мамиле кылганы үчүн көңүлдөшү унаасына кислота куюп салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түнкү клубдан алып кетпегени үчүн көңүлдөшүнөн өч алуу максатында унаасына кислота куюп кеткен. Бул тууралуу «Курьер. Среда. Бердск» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта,  Бердск шаарынын тургуну тымызын көңүлдөш күткөн. Аялынын туулган күнүн белгилеп жаткан учурда жаранга көңүлдөшү чалып достору менен түнкү клубдан жаңы чыкканын айтып үйгө жеткирип коюсун айтып чакырган. Аялынын туулган күнүндө анын маанайын бузгусу келбеген жаран көңүлдөшүнө орой жооп ерип барбай турганын такси кармап кете берүүсүн айткан. Кызымтал аял жарандын ага орой мамиле кылуусуна жинденип, андан өч алуу максатында анын унаасына кислота чачып ийген. Кийинки күну жаран унаасынын лампалары ээрип, сыры кооп турган абалда көргөн. Алгач бейбаштар кылган деген ой менен полицияга билдирүү кылган. Көп өтпөй кылмышка шектүү делип өзүнүн сүйүктүү көңүлдөшү кармалган. Сурак учурунда ал көңүлдөшүнөн өч алганын билдирген.

Аргумент.kg