Оппозицияда кайсыл саясатчылар калганын курултай көрсөтөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакынкы күндөрү Бишкекке саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттердин жоон тобу курултай өткөрө турган болуп жатышат. Алар өлкөдөгү саясий абалды, экономикалык көрсөткүчтөрдү, жакынкы жылдарга болгон прогнозду талкуулай турган болушууда. Кээ бир саясатчылар президентке иштеп, өзүн көрсөтүү үчүн бир жыл мөөнөт бердик, эми сурай турган кез келди деген ойду карманышууда. Курултайда катуу сөздөр айтылып, бийликке ык көрсөтүү болуп калышы да күтүлүүдө. Сын айткандар президент бир жылдын ичинде жаңы көрүнүштөрдү киргизе албады, экономикада өсүү болгон жок деген көз карашты кармангандар болот. Жаңы оппозициялык топто кимдер бар экени курултайда байкалчудай болуп турат. Ким бул бийликти колдойт, ким каршы чыгаарын жакында көрөбүз.
Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg