Оогандык качкындар АКШнын элчилигинен баш паанек берүүсүн талап кылууда
20-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарындагы АКШнын элчилигинин алдына ооган качкындары митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта, алар бул жолу кыргызстанда укугу корголбой жатканын айтышып, АКШга барып жашоого баш паанек берүүсүн суранышууда. Митингге чыккандардын экөөсүн укук коргоо кызматкерлери документине байланыштуу алып кеткен.
Эскерте кетсек буга чейин алар БУУнун имаратынын алдына чыгып Кыргызстандын жарандыгын алып берүүсүн талап кылышкан. Бирок БУУнун бир да кызматкери аларга жолугуп жооп кайтарган эмес.