Өмүрбек Суваналиев депутаттыкка ат салышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын анын санаалаштары билдирди.

Алардын айтымында, президенттин Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү бүгүн БШКга арыз менен кайрылган.

Бул маалыматты Өмүрбек Суваналиев өзү да тастыктап, Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү арыз менен бараарын кошумчалады.

N№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.

Добуш берүү 28-майда болот.

Аргумент.kg