Өмүрбек Бакиров: Мен көлгө Камчы Көлбаев менен жолугушканы эмес, кымыз ичкени баргам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукканы тууралуу маалыматты четке какты. Белгилей кетсек, бүгүн УКМК депутат Чолпон-Атадагы эс алуу борборуна мыйзамдагы ууру менен жолугушканын билдирген. Эл өкүлү ал маалыматты төгүндөп, бул боюнча кечээ атайын кызматка сурак берип чыкканын белгиледи. « 25-декабрда, дем алыш күнү, эс алуу борборуна жардамчым экөөбүз барганбыз. Ал жерден жаңы жылга 10 литр кымыз алдык, каникулда үй-бүлөбүз менен эс алууга коттедждерди көрүп келдик — коомдук жай, элдин баары барып эс алат. Камчы Көлбаев менен жолугушту дегени чындыкка дал келбейт. Мен аны ал жерден көргөн жокмун. Жолукканым тууралуу далили болсо, видео, сүрөттөрү бар болсо чыгарсын. Бул жөн эле куру доомат. Кечээ ушул маселе боюнча УКМК суракка чакырып, сиз эмнеге Көлгө бардыңыз, кимге жолуктуңуз, Көлбаев бар бекен? ; деген суроолорду беришти:— деди Бакиров.

Аргумент.kg