Өмүрбек Бакиров добуш сатып алууга айыпталууда

Өмүрбек Бакиров добуш сатып алууга айыпталууда

04-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Бишкекте Өмүрбек Бакиров менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Равшан Рысбаевдин арызы карала баштаганын ММКлар соттун кеңсесине таянуу менен жазып чыгышты.

Ал Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу менен алектенген деген жүйө менен бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну талап кылууда. Кийинки отурумда күбөлөр суралат. Соттук отурум 6-февралга белгиленген.

Өмүрбек Бакиров өзү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен пикир келишпестиктен улам кысым болуп жатат деп эсептеп, Жогорку Кеңеште болгон окуяны эске салды.