Өмүрбек Бабанов биримдикти ойлоп, арканды алыс ыргыткан кербези

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өткөн жумада Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган маараке Таласта өттү.

Негизги демөөрчү Өмүрбек Бабанов санаалаштарын чакырып, чай берип, сый көрсөтүп узатты. Бир топ саясатчылар барышып, өлкөдөгү кырдаал боюнча акыл калчашып, келечекке карай дүрбү салышканын байкадык.

Жаза тайып, ошол күнү Баткенде тажиктердин агрессиясы башталып кетип, бул жагынан көп маалыматтар чыкпай, жабылуу бойдон калганы ырас. Бирок өлкөдөгү саясый күчтөр өз ара масилеттешип, жакындашууга кадам салышып, мындан ары ынтымакта болушарын кыйытышыптыр.

Эгерде саясатта өзгөчө кырдаал жаралып кетсе, чукул убакытта биригишери болжонду.

Биримдиктен өткөн баалуулук барбы? Өмүрбек Бабанов турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, такшалып, элдин келечеги үчүн унчукпай, арканды да алыс ыргыткан кербези…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg