Манас Осмон: «Өлкөнү саясатчылардын курч бычагына тосуп берүү маңкуртчулугунан айыгуу зарыл!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мустафа Кемалдин «Уктаган эл кул катары ойгонот» — деген учкул кеби 100 жылдан кийин биздин коомго төп келип турат. Кыргыз коомчулугу үчүн өтө аянычтуу көрүнүш бул. Мындай абалды бизге ким ыраа көрдү? Эл, саячатчылар анан, капчыгын кампайтып, жылт койгон уул, кыздарыбыз. Ойгоналбаган элдер жыргал жашоо укугунан ажырап, башка улуттун ичине сиңип кетет. Турмуштун негизги философиясы ушул. Андыктан, өлкө тагдырын бир ууч саясатчылардын курч бычагына тосуп берүү маңкуртчулугунан айыгуу зарыл! Ал үчүн эртеңкибизге кайдыгер болбогон күрөшчүл калкка муктажбыз! Дүнүйөдө коомдук көз караш жана элдик аң сезим деген түшүнүк бар. Элдин билимдүүлүгү ушул түшүнүктөргө көз каранды. Бирок, бүгүн элде абийир менен уяттуулук, мекенчилдик менен чынчылдык жашабайт. Ошон үчүн экономикалык абал күн сайын жарга сүдүрөп баратса да, өлкө саясий иш чаралардын туткунунда калды. Добуш сатып, ууруну калкалап, кошоматтанып атып, мамлекетти сазга батырдык эле. Азыр да, папке көтөргөн агартуучулардын тайпасы бийликтин партияларына өздөрүн карыздар сезип, дүжүрлүк менен алек. Кана агартуучулук касиет? Коомдун өзөгүн түзгөн мугалимдер, дарыгерлер, тарбиячылар мындай эки жүздүү көз караш менен өспүрүмдөрдү кантип тарбиялайт? Аргумент.кж

Аргумент.kg