Олигархка айланган Бурканов эмне үчүн Ташиевден өлө коркот?
28-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСоңку бир жылдан бери Арзыбек Буркановдун ити чөп жеп, бизнеси катуу жанданып, эбегейсиз байыганы тар чөйрөдөгү талкууга айланды. Башта ийгиликтүү ишкер катары таанылган эмес. “Эт менен челдин” ортосунда жүргөндөй ишарат жаратчу. Эми кандайча олигархка айланып кетти? Бийликтин эсебинен байып атса, эртеби-кечпи былыгы ашкере болот да, туурабы? Бурканов кадр саясатына дагы кийлигишип, өзгөчө Баткен облусунун жетекчилик кызматтарына дос-жар, жек-жаат, туугандарын койдуруп салганы көптөн бери ЖМКларда сындалып келет. Деги бул эргулга учурунда текшерүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп койсо не? УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден өлө коркконун билебиз, жөн жерден эмес да…
«Азия Ньюс» гезити