Өлдү деген күйөөм кайнагама тийип алганда келди, бирок күйөөмдү сүйөм

Колум менен кылганды мойнум менен тартып жатам. Мындан беш жыл мурун жолдошум Пакистанга дааватка кеткен бойдон дайынсыз болуп калган. Кайын журтум да такыба адамдар болгондуктан эки жылга жетпей күйөөмдү өлдү дешип куран окуп үмүтүн үзүшкөн. Ал эми мени болсо эки балам менен кайнагам экинчи аял кылып алган. Чынын айтсам чиедей эки бала менен мен бара турган жерим да жок болучу. Жок дегенде балдарыма өгөй эмес деп мен деле каршылык кылбай турмушка чыктым. Абысыным менен мамилем жакшы. Эки балалуу болдум. Күйөөмдүн калган балдар атасынын ордун жоктободу. Жашоом кудайга шүгүр. Арадан беш жыл өткөндөн кийин өлдү деген күйөөм кайтып келди. Жакшы жашоонун аягына чекит коюлду. Балдарымды талашып, менин айыман бир тууган агасы экөө кызыл чеке болуп урушуп жатышат. Мени болсо өзү барда эле агам менен соо болбосоң керек деп балдардын көзүнчө бычак көтөрө жүгүрүп абысыным арачалап араң калдым. Бизге күн көрсөтпөйм деп асыла берчү болду. Ошентип жарым жыл дегенде гана токтоду. Көп өтпөй аны үйлөндүрдүк . Бирок ал келгени мен аны менен болгум келет берчү болду. Ага болгон сүйүүм кайрадан күчөп ансыз жашоом жоктой болуп баратат. Ал да мени тымызын тиктей берет. Мурункудай бир жаздыкта кучакташып бирге жаттым келет. Бирок башым башка адамга байлануу.
Аргумент.кж

Аргумент.kg