Өкмөттүн “жуучусу” Индия менен Кытайдан издеп…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Нарын каскады учур бийлигинин бетине карманган долбоор болгону менен анын артынан абийирлери айрандай төгүлүп жатат. Маселен, Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган.
Курулуш иштери создукканда кыргыз өкмөтү ал келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.  “РусГидро” баштапкы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды кайтарып алуу үчүн Эл  аралык арбитражга кайрыларын билдирүүдө. Кыргыз бийлиги болсо бул суммадан шектенип, эл  аралык аудит жүргүзүүнү талап кылып келет. Ал ортодо Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык “Лигласс Трейдинг” деген компанияны жерден чукуп таап чыккан. Бирок, коомчулукта “бул аферист компания”- деген чуулар чыгып, анын натыйжасында бир тыйыны жок бул компания менен түзүлгөн келишимди да 18- сентябрда жокко чыгарган. Буга “Лигласстын” макулдашылган 37 миллион долларды убагында төлөбөгөнү, ГЭС курууга акчасы жок экени себеп болгон. Кийин “Лигласстын” өкүлдөрү тендерге катышуу үчүн 1 млн. 147 миң доллар төлөгөнүн, аны кайтарып алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрыларын билдирген. Өкмөт келишим боюнча аталган акча казынада каларын айткан.
Эми аталган долбоор боюнча “адистешип бүткөн Зилалиев деген эргул “Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди курууга кытайлык жана индиялык инвесторлор кызыкдар болууда”- деп чыкты. Анын айтымында, кытайлык жана индиялык инвесторлор ГЭСтерди куруу боюнча өкмөткө кат аркылуу расмий кайрылышкан. Бул жигит кыйын “жуучу” болчудай. Бирок негедир Чехиялык компания менен түзүлгөн келишим жаатында жоопкерчилик каралбай туруп кайра да башка  өлкөнүн компаниялары менен сүйлөшүү жүргүзө берүүгө Зилилиев кимден уруксат алды экен?
Булак: “Майдан”

Аргумент.kg