Өкмөт башчы министрликтин ишин сынга алып,иштөө темпи төмөндөп кеткенин айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишин сынга алды. Ал I кварталдын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөргөнүн маалымат кызматы билдирди. Жапаров магистралдык трассаларды долбоорлоодо кыргызстандыктар менен туристтер үчүн эң зарыл нерселердин баары камтылган rest points (эс алуу жайларын) уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчы ведомстволордун алдындагы мекемелердин, айрыкча Жол-эксплуатациялык башкармалыктын ишин жөнгө салуу зарылдыгын кошумчалады. «Автоунаалардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Улам эле аң-чөнөктөрдү оңдой бербей сапаттуу жолдорду куралы. Заманбап технологияларга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Биз Японияга барганда аба ырайына карабастан жол салууга мүмкүнчүлүк берген технологияны көрсөтүштү. Аны эмнеге биз дагы колдонбошубуз керек?» — деди Жапаров. Ал министрликтин иштөө темпи төмөндөп кеткенине көңүл бурду. Анын айтымында, өткөн жылы чоң иштер жасалган. Май айында эле 25,8 чакырым жол салынган. Быйыл болсо каржылоо 1,2 миллиард сомго көбөйгөнүнө карабастан 24,5 чакырым гана жол бүттү. «Жолдор — биздин кан тамырларыбыз. Алардын курулушу мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ишти тездеткиле», — деп тапшырма берди өкмөт башчы. Сентябрь айында министрликтин ишине баа берилет. «Өкмөттүн иши күн сайын активдешип жатат. Артта калгандар же жеткиле, же болбосо «аялдамада» калгыла», — деди Акылбек Жапаров. Кечээ күнү министрлер кабинетинин төрагасы Айыл чарба министрлигин сындаган. Ал кайсы жакты карабасын бир дагы кыйраган иш жасалбаганын белгилеген. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg