
Өкмөт ар бейшемби сайын ЖКга келип турат
08-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн ,6-апрелде Жогорку Кенеште жыйын болуп,анда депутаттар ар бейшемби сайын өкмөттүн парламентке келишине милдеттендирилген мыйзамды кабыл алды.
Бул демилгени депутат Улан Бакасов сунуштаган.
Тактап айтканда,кабыл алган мыйзамдын негизинде мындан ары ар бейшембиде Жогорку Кенештин жыйналышына келип ,түшкө чейин депутаттардын суроолоруна жооп берет.
Аталган мыйзамдын негизинде министирлер кабинетинин төрагасы,анын орун басарлары жана мүчөлөрү,аткаруу бийлигинин башкы органдарынын жетекчилери жыйындарга катышат.
Аталган мыйзамга,президент Садыр Жапаров кол койсо күчүнө кирет.