ӨКМ үшүк жүрүшүн кабарлады

ӨКМ үшүк жүрүшүн кабарлады

19-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бүгүн,19-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймактарында үшүк жүрөөрүн кабарлады.

Маалыматка ылайык,Чүй,Талас областарынын дыйканчылык аймактарында 20-21-март күндөрү түнкүсүн жана эртен менен 0..-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө ,данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч жаратат.