«Ойнош», «Көңүлдөш» дегендер чыкпайбы?». Депутат спирт ичимдиктердин аталышын көзөмөлдөш керектигин билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Алкоголдук ичимдиктердин аталыштарын жөнгө салуу керек». Мындай сунушту депутат Мирлан Самойкожо Отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин жыйынында айтты.

Ал алкоголдук ишканаларга лицензияларды берүү учурунда мамлекеттик органдар менен продукциясынын аталышын макулдашып жатабы же жокпу сурады. 

«Манас», «Семетей», «Сейтек», «Өкүл ата», «Өкүл апа» деген аттар коюлуп жатат. Эртең «Ойнош», «Көңүлдөш» деген ичимдиктер чыгып кетпейби? Улуу сөздө уят жок. Кыргызда айтылбай турган нерселер кээде арактарга коюлуп кетет», — деди ал.

Аргумент.kg