Ойношу менен кармаган жигитин аял тепселеп өлтүрдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Американын Индианаполис шаарынын тургуну сүйүктүүсү аны алдап кеткени үчүн унаасы менен өлтүрө сүзгөн. 26 жаштагы Гэйлин Моррис жигити 26 жаштагы Андре Смит анын көзүнө чөп салып жаткандыгынан шек санайт. Ал AirTag тиркеме аркылуу сүйүктүүсүнүн изине түшүп, ал ойношу менен пабда отурган жеринен кармаган. Мекемеге келген аял ызы-чуу чыгарып, алгач ал шараптын бош бөтөлкөсүн алып атаандаш аялга ыргыткан. Смит кийлигишип жатып бөтөлкө тийбей калган. Бир нече мүнөттөн кийин пабдын кызматкерлери сүйүү үч бурчтугунун бардык катышуучуларынан мекемени таштап кетүүнү суранышкан. Ачууланган аял унаасынын рулуна отуруп, алдап кеткен жигитин сүзүп, унаасы менен аны үч жолу тепселеген. Жигит ошол жерден каза болгон. Өлтүргөндөн кийин Моррис машинадан чуркап чыгып, атаандашын кууп жөнөгөн, бирок окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аны кармашкан. Смиттин ойношу эч кандай жабыркаган эмес. Моррис Мэрион округунун түрмөсүндө кармалып, ага киши өлтүргөн деген айып тагылды. Облустук прокурорлор аялга кошумча айыптарды талап кылышмакчы.

Аргумент.kg