Ойноштук кылып тартып алган күйөөм кетип калды

Ойноштук кылып тартып алган күйөөм кетип калды

21-кулжа, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бирөөнүн көз жашынан бакыт кура албайсың деген туура экен. Азыр бармагымды тиштеп, кылган каталарым үчүн өкүнүп отурам.
Бир кезде, тактап айтканда жети жыл мурун мени менен бирге иштеген жигит көзүмө түшүп калды. Коллега катары мамилебиз жакшы болучу. Акырындык менен экөөбүз жакшы болуп кеттик. Анын эки кызы аялы бар болучу. Акмалап жүрүп аялын көрдүм бир кызын желетеп, экинчисин бооруна кысып жүдөгөн аял экенин көрдүм. Мага жүдөө көрүндү. Ошондо тартып алам деп өзүмө сөз бердим. Акыры айткан сөзүм аткарыла баштады. Аны күйөөсу менен бир батирге чыгып жашап алдык. Анда-мында бир барат аялына. Ошентип бир жылдай чогуу жашадык. Күйөөнүн мамилеси жакшы эле. Мындай күйөөнү колдоп гана туруш керек эле. Анын аялы антүүнүн ордуна балдарын бага албай жүк болуп жатканы мага жат көрүндү. Ошентип боюмда болуп калды. Аны укканда уул төрөп берет деп сүйүнүп, экөөбүз ачыкка чыктык. Аялы бир сөз айта албай күчүн көз жаштап чыгарып отуруп калды. Балдарга да каттабайт. Айтор кайненем мени менен катташат. Бактылуу күндөр башталды. Уул төрөдүм. Бир аз кыйналдык. Уулум бирге чыга электе экинчим болуп калдып аны да төрөдүм. Күйөөм бизди камсыздай албай баштады. Кээде үйдө сүт жок болуп калат. Ала кел десем жокту айтат. Экөөбүз уруша баштадык. Көзүмдү караган кайненем өзгөрдү. Барган сайын турмуш оорлоп, күйөөм үйгө түнөбөй баштады. Кызганып артынан сая түшө баштадым. Коллега кыздарына чейин барып күйөөм жөнүндө сураштырып баштадым. Бул күйөөмө жакпай калды. Мага кол көтөрө баштады. Ушундай тытышкан жашоо менен беш жыл араң жашадык.
Жакында эле күйөөм кийимдерин алды да үйдөн чыгып кетти. Эки уулга да караган жок. Башка бирөөнү таап алды деп ойлогом көрсө мурунку аялына кетип калыптыр. Артынан барып уруш чыгардым эле, кайненем үйгө келди да менин абийиримди кетирди. “Колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың. Бир кезде аны да сыздаткансың. Эми тилиңди тишиңе кыс. Баллдардын келечегин ойлосоң мурунку аялы менен тил табышып, балдарыңды бактыр. Сен анын эрин тартып алганда сага кетип уруш чыгармак тургай күйөөсүнө сөз айтпай кала берген. Ал жеңди сен жеңиллдиң“-деди. Күнөөмдү мойнума алам, бирок кызганыч менен нерсе көкүрөгүмдү жеп жатат.
Аргумент.кж