Өгөй атамдын бул сөзүнөн кийин аны «ата» дей баштадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Апам турмушка чыгам дегенде үйдөн качып кеткем. Таенемдикине жөө кетип калгам. Билем, туура эмес кылгам. Чынын айтсам коркком. «Ата» деген сөздөн корком. Ата — урат, сөгөт, жаман сөздөрдү айтат, көп жумуш берет, эркелетпейт… Мага ушундай сезилет эле. Атам мени урчу…

Атам ичип келгенде үйдөн качат элем. Тамдын башына чыгып алып түнгө чейин отура берген адатым бар болчу. Жылдыздарды карап кыялга батчумун. Апам байкуш, мага окшоп бекине алчу эмес. Кармалып, көгала болчу.

«Чыгып кет!» Апам ушинтип айткан күн, жашоомдогу эң бактылуу күн эле. Атам ошону менен келген жок. Мен адамча керебетте уктап калдым.

— Салам! Атың ким? Кел таанышалы?

— Таанышпайм.

Апама кайра таарындым. Аталуу болгум келген эмес. Анан качып кеттим.

Түндө апам экөө келди. Таенем болбой аларга кошуп жиберди. Жолдон токтоп балмуздак жедик. Кайра кафеге кирдик. Мындай карасам жакшы эле киши экен.

— Башка көйнөгүң жокпу?

— Апам алып бербейт.

— Жүр, менин кызымдын көйнөгү көп болуш керек.

Биринчи жолу базар кыдырдым. Сатуучулар «кызыңызга бул жарашат» деген сайын ыйлагым келет. Ал менин колумду кармап алган. Сонун экен. Мага жакты. Апама дагы унуткан жокпуз.

Мектептен жакшы окуй баштадым. Үйгө чуркап барып ага күндөлүгүмдү көрсөтөм. Сыймыктанат. Экөөбүз дос боло баштадык. Ал мени урушпайт, угат. Ал мени урбайт, акырын колумдан кармайт. Ал мени сөкпөйт, кооз сөздөрдү айтат. Ал мени көп иштетпейт, оку дей берет.

Бир күнү үйгө туугандар келди. «Мунун атасы алкаш неме эле…» дей башташканда ал ордунан тура калды. «Балада күнөө жок, атада күнөө. Анын атасы мына мен. Алкаш эмес! Бирөөнүн айыбы үчүн бала жооп бербейт. Кызымды жайына койгула. Балалыгын нормалдуу өткөрсүн.»

Сыртка чыгып кеткем. Бирок качкан жокмун. Балтектин үйүнүн жанында отургам. Курткамды алып чыгып келатыптыр. Эшик суук болчу. Мага аталуу болгон жакты. Эми ал ал эмес, ал атам.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg