Обсервацияга өз ыктыяры менен барып иштеп жаткан 20 жаштагы медайым кыз көз жумду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент кыз каза болуп калды. Бул тууралуу Данияр Амат аттуу дарыгер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Абдан өкүнүчтүү, жаш экен, энтузиазм жана мекен алдындагы милдет анын ишке чыгуусуна түрткү болгондур. Анан дагы обсервацияларда реанимациялык иш-чаралар үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интубациялык мешоктор, амбулатордук каражаттар, ларингоскоп, шокко каршы аптечка да жок. Адамды сактап калуу үчүн негизги атрибуттар жок. Студенттер, ыктыярчыларды ишке чакыруу менен аларды отко салып беришти. Балким, аларды жок дегенде 2 апта окуудан өткөрүү керек эле. Юридикалык жактан көптөгөн суроолор жаралууда. Силер ата-энеңер үчүн жалгызсыңар, бул орду толгус жоготуу», — деген ал өз билдирүүсүндө.
SUPER.KG порталы окуянын күбөлөрүн тапты. Алардын бири атын атагысы келбеген жаран окуя анын көз алдында болгонун айтып берди.
«Бул кейиштүү окуя кечээ, 13-июлда Бишкектин борборунда жайгашкан, обсервация катары иштеп жаткан «Discovery» мейманканасында болгон. Каза болуп калган кыз болгону 20 жашта экен. Ал кыз нөөмөтүн аяктап, эс алууга кетиптир. Ал уктап жаткан керебетинен жерге кулап түшкөн. Ошондо анын эс-учун жоготконун билишиптир. Алгач обсервациядагы медициналык персонал жардам берүүгө аракет кылды. Мындан тышкары «Тез жардам» кызматы чакыртылган. Обсервациядагылар жеке унаа менен жандандыруу бөлүмүнө керектүү шаймандарды издеп кетишкенде, «Тез жардам» кызматы келди. Медиктер өмүрүн сактап калууга жан үрөп жатышты. Тилекке каршы, жаш кыз каза болуп калды. Менин айткым келгени, ал жакта жалаң жаштар иштейт экен. Жаштыгы менен көп нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышат окшойт. Себеби жаш кызды жүрөгү кармап каза болду дешти», — дейт күбө.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg