Ө.Текебаев: Ошол убакта жашыбайын деп, абдан кармандым

Абакта жаткан Кыргызстандагы белгилүү саясатчы, «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Би-Би-Сиге берген маеги. Окурмандарга маекти толугу менен жакынкы күндөрдө сунуштайбыз. Учурда Текебаев абак жайдан которулуп, Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.
Би-Би-Си: Сиз буга чейин эле саналуу күн болсо да абак жайда кармалган учурларыңыз бар. Ошол эле УКМКнын абагында болгонсуз. Азыр дагы камактасыз. Эркиндиктин барк-баасы дегенди чечмелеп берсеңиз?
Ө. Текебаев: Эркиндик — жашоонун маңызы. Изилдеп карай турган болсоң, бүт жашоо-турмуш, тиричилик, күрөш эркиндик үчүн болот. Эркиндик — кеңири түшүнүк. Мисалы, үй-бүлөдө деле иштеп акча табабыз, балдарыбызга үй курабыз деген сыяктуу аракеттин баары жакырчылыктын кулу болбой эркин болсун, каалаган адам менен сүйлөшсүн, корунбай теңата мамиле күтүп, каалаган жерине барса, окуса, каалагандай ой жүгүртсө деп, эркиндикке умтулганыбыз. Жакыр, бечера адам ой жүгүрткөндө дагы эркин болбой калат. Ал жалтак болуп, өз оюн айтуудан да айбыгат. Кагуу жеп каламбы деп жазганат. Биздин жашоодогу аракеттерибиздин баары эле эркиндик үчүн күрөш.
Ал эми эркиндикти радикалдуу чектегенде, жакын адамдарың менен сүйлөшө албасаң, ой-пикириңди бирөөгө айта албасаң, мамлекеттик ишти кой, үй-бүлөңдүн ишине таасир эте албай каласың да. Анан эң негизгиси, убакыт ордунда турбайт экен. Убакыт дегениң учат. Адам турмуш курат дегендей эле адам мамиле курат, досу болот, ишкердикте өнөгү болот, партиялашы болот жана башка. Анан бул эмгек. Анын жамандык-жакшылыгына барасың, ачууң келип турса дагы күлүп саламдашасың. Анан ошонун баарын түзүп коюп, 3-4 жылдап түрмөгө кетип калсаң, аның ошол бойдон тура бербейт да. Мамиле дегениң — кыймылсыз мүлк эмес. Бирөө башка жакка кеткен, баягы сага берген убадалар бузулган, сен берген убадалар да мааниге ээ эмес. Таптакыр жаңы түзүлүш, жаңы эрежелер. Баарын жаңыдан же кайрадан башташың керек. Ушундай кезде эң жакын туугандар, идеялаш-партиялаштар калат. Бирок бул пирамида кудайга шүгүр менде урап калган жок.
Би-Би-Си: Менин жеке көз карашымда катуу деген Текебаев деле ыйласа керек деген ойдо турам. Сиздин башыңыздан көп драмалуу окуялар өткөн чыгаар. Ошолордун бири сиздин сот иштериңиз уланып жаткан чакта сиз тордун ичинде, кичинекей кызыңыз тордун сыртында турган учуру болду. Ушундай жагдайлардан улам баарын саресеп салып көрүп, ыйлаган, көзгө жаш алган учурлар болдубу?
Ө.Текебаев: Мен сыртыман өтө катаал киши көрүнгөнүм менен ичимен чындыгында сентименталдуу кишимин. Сентименталдуу дегенди кыргызчага оодарганда «жашык», «сезимтал» маанисинде. Өзүм жалгыз сериалдарды көрүп деле кээде жашып кетем. Эми кызым жөнүндө… Кызымды сотко ээрчитип келсеби же жокпу деп, Айгүл экөөбүз жактоочу аркылуу эки жума кеңештик. Мен ошол тушта тордо турсам дагы кайраттуу, сынбаган, азамат болуп көрүнүшүм керек эле. Башка жолу жок. Анан кызымды көрүп, ал бала да кокус ыйлап жиберсе, аны көрүп мен жашып кетсем эмне болот? Оппоненттер «кызын көрүп жашып кетти» демек эмес. Текебаев сыныптыр, мына, тор артында ыйлап жатат дешмек. Муну көргөзгөнүм болбойт деп, ошол кенедей кызымды келтирбей эле койбойлубу деп, Айгүл менен талкууладык. Ал «жок келем, атамды кучактап бетинен өбөм» деп туруп алды. Анан Айгүл аны бир жума психологиялык жактан даярдады. «Ыйлаба, ыйласаң аскерлер сени эшике алып чыгып кетет, атаңды көрбөй каласың», деп көндүрдү. Карасам эле ошондой түр менен даяр болуп, жанагы кордондон өтүп келди. Азыр эстесем, мына мен жашып атам… ал кезде мындай болгон жокмун. Анткени, мындай болбошум керек эле, ал кезде оппоненттер башкача айтмак.
Би-Би-Си: Сиз азыр жашып кеттиңиз…
Ө.Текебаев: Ооба, мен азыр ошол окуяны эстедим да. Түрмөгө камалганым, куугунтукталганым азыркы жашыганыма эч кандай тиешеси жок. Мени душмандар сындыра алган жок. Мен ошону баса белгилегим келет.
Би-Би-Си: Сиздин өмүрүңүз, деги эле Текебаевдин өмүрү абакка чейин жана абактан кийин деп эки баракка бөлүнүп калган жокпу?
Ө. Текебаев: Эми кандайдыр бир деңгээлде бөлүнөт. Эгерде отуз же кырк жашта болуп, беш жыл түрмөгө отуруп чыксам, мындай байкалбайт эле. Фильмдегидей өтүп кетмек болуш керек. Эми минтип алтымыштан өтүп калганда, ар бир жыл байкалат экен. Мынакей, чачым түштү, бырыш басты, курсак чыкты. Мени көргөндөр айтат, «ой бул түрмөдө эмес го, курортто го, курсагы чыгыптыр» деп. Эми бул физиология, убакыт менен кошо келген карылыктын белгилери. Эми ошону да айтат, «карасаң түрмөдө туруп алып курсак байлаганын» деп. Мындан кутула албай жатпайбызбы, диета кармап деле, анча-мынча спорт кылып деле. Кичине эле таштап койсоң кайра ордуна келип калат.
Булак: Би Би си

Аргумент.kg