Нуржигит Кадырбеков: «Мамдумада биздин жарандарды каттоону жеңилдеткен мыйзам долбоору каралып жатыптыр»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Нуржигит мырза, өткөн жолку кеңешмеде Россиядагы биздин эмгек мигранттарыбыз тушуккан көйгөй тууралуу маселе көтөрдүңүз эле. Андан бери кандай натыйжа болду?

— Москвада биздин жарандарды мажбурлап эле медициналык кароодон өткөрүп жатышат. Алты жаштан жогоркуларын. Ошон үчүн кезек көп экен. “Эртең менен барып, 4000-болуп кезекке турдук” дегендер бар. Алар кезек күтүп атканда иши калып атат. Анан эмнегедир алардын арасынан венерикалык оорулар көп чыгып атыптыр. Аны дагы бир гана жерден дарылышат экен. “Беш миң рублден көбүрөөк акчага текшерүүдөн өткөн соң, “барып дарылангыла” деп бир гана жерге жиберишет. Ал жерде эки эле дарыга 18 миңден алып жатышат” дешти. Бул коррупцияга, башкача айтканда, биздин жарандардын эсебинен акча табуунун амалына окшоп атат.

Мен Жогорку Кеңеште маселе көтөрүп, протоколдук тапшырма бергенден кийин биздин элчилик Россиянын башкы прокуратурасына, Росздравнадзорго кайрылыптыр. “Росздравнадзордогулар адегенде “чара көрөбүз” деп атышкан, кийин алар да “мыйзам чегинде эле иштеп жатышыптыр“ деп ошолордун сөзүн сүйлөп калыптыр” дешти. Ошон үчүн Кыргызстандан саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү барып, кошо текшерип, процесске аралашсын деп атам. Ошондо өз көзүбүз менен көрөт элек чындап эле ошондой болуп атканын. Эки миңден оору чыгып атат деген бул өтө эле аша чапкандык да! Алтымыш жаштагы ападан да чыгыптыр. Ошол жерден бирине-бири талак берип кетип атыптыр…

— “Биздин медиктер да катышсын” десеңер, Россия тарап макул болобу?

— Аны сүйлөшүш керек. Биз бажы, экономикалык биримдиктебиз. Ушуга окшогон маселелер көйгөй болбосун, адамдардын, товарлардын кыймылына тоскоолдук болбосун деп киргенбиз да. Бул сүйлөшүүлөргө жараша болот.

— Мамдумадагы жолугушууда дагы кандай маселелерди көтөрдүңүздөр?

— Биздин жарандарды каттоону жеңилдетүү жагын сурансак, “бизде ошол боюнча бир мыйзам долбоору каралып жатат, январь айында экинчи окууга киргизилет” деп айтышты. Бул абдан жакшы жаңылык. Эгер каттоо маселеси чечилип калса, биздин жарандарга аябай эле жеңилдик болот.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg