Нуржигит Кадырбеков: “Биздеги эң чоң ресурс – бул интеллектуалдык баалуулук”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Нуржигит мырза, улуттук валютабызды күчтөндүрүү зарылдыгын күйүп-бышып айттыңыз. Анын жолун сиз эмнеден көрөсүз?

— Бирдеке өндүргөн, импортуна караганда экспорту көп экономика болмоюнча биз долларга, рублга көз каранды боло беребиз. Ошон үчүн улуттук бир стратегия керек. Азыркы учурда көп кишилер кредиттерди доллар менен алып, келишимдерди да доллар менен түзгөн. Көрүп атабыз да, окуу жайлар, кээ бир жеке менчик мектептер келишимди доллар менен түзгөндүктөн, ата-энелер кыйынчылык тартууда. Бул багытта чукул арада бир чаралар керек.

— Улуттук валютабызды алтын менен бекемдөөнүн мүмкүнчүлүгү барбы?

— Мен алтынга таянганга каршымын. Биздеги эң чоң ресурс – бул интеллектуалдык баалуулук, акыл-эс ресурсу. Япондорду караңыз, кайсы алтын, кайсы кен байлыгы бар? Бирок, экономикасы деле, валютасы деле туруктуу. Биз дагы ошондой акылга таянган, билимге таянган жол менен кетишибиз керек.

— Демек, элибиздин интеллектуалдык көрөңгөсүн пайдалануунун жакшы бир ыңгайы келип турат дейсизби?

— “Не было бы счастья, да несчастье помогло” деген орустун жакшы сөзү бар го. Мындай учурлардын албетте, кыйынчылыгы да болот, бирок туура тыянак чыгарсак, өзүбүз үчүн пайда да тапсак болот. Эмне үчүн ленинграддык врачтар согуштун эң кыйын участокторуна барып, эң оор акыбалдагы жарадарларды  дарылаган? Анткени, алар блокада учурунда чоң тажрыйбага ээ болгон. Ошо сыяктуу биз дагы азыркы кырдаалдан күчтүү болуп чыгышыбыз керек.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg