Нурзат Асан кызы: «Германиядан өз ордумду таптым…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сыртта билим алуу менен бирге ийгиликти жараткан кыргыздын уул-кыздарынын бири Нурзат Асан кызы тууралуу кенен маалымат берип, билим алууга ынтызар болгон жаштарга дем берүүнү туура көрдүк.

Тоолуу Нарын облусуна караштуу, Ак-Талаа районунда чоңоюп, 9-класска чейин Кара-Суу мектебинен билим алган Нурзат кичинесинен активист болуп,  мектеп аралык олимпиадаларга барып орундарга илинип келген.  Нурзаттын айтымында кичине кезинде башка балдардай сыртка чыгып ойногон күндөргө караганда тынымсыз сабак окуп отурган учурлары эсинде калган. 9-классты аяктар менен Арабаев атындагы окуу жайдын лицейине тапшырып, англис тилин тереңден өздөштүрө баштаган. Эки жылдан кийин Республикалык тестирлөөгө катышып, ийгиликтүү упай топтоого жетишкен. Натыйжада БГУ окуу жайына студент болуп калды. Бирок бул жердеги окутуу системасы көп жактай калып, чет өлкөдөн окуу үчүн изденип баштады. АКШдан же Улуу Британиядан билим алуу абдан кымбат экен, аларга караганда Германияда бир топ арзан экени билинди. Нурзат Германиядан окуш үчун тынымсыз аракетин баштады.

Көпчүлүк жаштар сыяктуу эле Aupair программасын тандап, неме тилин тынымсыз үйрөнө баштаган.  Аракетинин натыйжасында Германияга баруу тилеги ишке ашты. Ал жактан неме үй-бүлөсундө жашап, алардын кызын багыша баштаган. Ушул эле учурда убактысын текке кетирбей кыля болгон Германиянын университеттерине тапшыруу үчун нремец тилин тереңдетип үйрөнгөн. Германияда өзгөчөлөнгөн окуу жайлар бар, алар коперативдүү окуу жайлар деп аталат. Анда студент үч ай теориясын окуп, үч ай практикалык сабак өтүлөт. Нурзат ушундай окуу жайды тандады. Анткени ал жердебир учурда окуп, иштеп акча тапсаң болот эле. Бул окуу жайга кириш үчүн адегенде фирма менен сүйлөшүп алып, андан кийин гана документиңди тапшырасың.  Нурзаттын айтымында, ал Duale Hochschule Baden-Württemberg  аталыштагы окуу жайдын эл аралык бизнес – маалымат технологиясына окуп үйрөнө баштаган. Окуу жайды аяктагандан кийин Жогорку билим алыш үчүн 100 ашык компанияга өзу тууралуу маалыматтарды жиберип, эки компаниядан он жооп алган. Ал It адистигин тандады. Окуу оңой болгон жок. Нурзат тайпасындагы жалгыз чет өлкөлүк студент эле. Программасы да татаал болчу. Алты ай ылдамдатылган темпте окуп, андан кийин ар түрдүү долбоорлордун үстүнөн иштеп кетиш керек эле. Нурзат тынбай эмгектенди. Жергиликтүү немец жаштарынан артта калбай окуусун 2012-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Нурзат учурда Европанын эң күчтүү авиакомпанияларынын бири Lufthansaнын  SAP Business Intelligence бөлүмүнүн  IT-тармагында эмгектенип келет. Ал жерде самолеттордун учуп конуусун көзөмөлдөшөт. Жумушумда иштегендердин арасында мен бир топ тил билген жалгыз кызматкермин. Мен орус, немис,түрк, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөшө алам.  Германияда он эки жылдан ашуун жашап, эмгектенип келем, Бирок жан дүйнөмдө өз мекеним Кыргызстан жашап келет. Германиянын жашоо шарты өтө мыкты болгону менен мен үчүн Кыргызстан өтө бийик турат.

Аргумент.kg