Нурсултан Кубанов: «Казиного «задний проходдон» кирип кетишет, 6 миллион адамды эч ким көзөмөлдөй албайт»

Нурсултан Кубанов: «Казиного «задний проходдон» кирип кетишет, 6 миллион адамды эч ким көзөмөлдөй албайт»

05-теке, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Казинонун ачылышы тууралуу мыйзамды ЖК депутаттары колдоп бергени талкууга алынып, калың элди кайгыга салды. Шайлоочуларынын эмес, бийликтин каалоосун аткарган эл өкүлдөрүнө көпчүлүк нааразы. Казинонун ачылышына каршыбызбы? Мындан аркысын убакыт көрсөтөөр…

— Чынында мамлекет акча каражатына абдан муктаж, бирок «казино ачып, бюджетти толуктайбыз» деген таптакыр туура эмес. Мени айтты-айтпады дебегиле, бирок миңдеген үй-бүлөлөр бузулат, өз өмүрүн кыйгандар дагы көп болот. «Казинодон оңой акча табам» деп көптөгөн билимсиз адамдар ойнойт, өткөндө бир депутат айткандай, «задний проходдон» кирип кетишет, 6 миллион адамды эч ким көзөмөлдөй албайт.

Андан көрө, келгиле, адам ресурсуна басым жасайлы, IT-секторун өнүктүрөлү, хабдарды ачалы, туризм багытында долбоорлорду кылалы, адамдарды кумарканага түртпөй, алардын билимине эле кам көрөлүчү, 10 жылда казиносуз эле өнүгүп кетебиз.

Мен дагы убагында татыктуу билим алган үчүн азыр Кыргызстанда 100дөн ашык жумуш орун түзүп, жакшынакай эле иштеп жүрөбүз. 1000ден ашык балдарга жол ачып, келечектеги кадрларды даярдап жатабыз.

Булак: Азия News гезити