Нурланбек Шакиев аты жөнү туура эмес жазылгандарга катуу сын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аты-жөнү орусча жазылганда айтылышы, мааниси одоно бузулуп калган аткаминерлерди жемеледи.

Ал мыйзам долбоорун кароо үчүн парламентке чакырылгандардын аты-жөнүн окуп жатып туура эмес жазылганын байкаган. «Кыргыздын, ата-тегиңиздердин ысымына сый мамиле кылсаңыздар. Азыр ошол бойдон айтсам кыргыз эли мени туура эмес окуп жатат деп ойлойт. Мисалы, «Дуйшенкуловичти» Дүйшөнкулович деп оңдотуп албайсыңарбы кыргызчалап. Дүйшөнкул качан эле Дуйшенкул болду эле? Кыргызча Нурдөөлөт, эмне үчүн «Нурдоолот» бойдон жүрөт. «Оганович» дейт, ал Ооганович эле болот, «Жазгуль» эмес Жазгүл, «Доолатбекович» дейт, ал Дөөлөтбекович да. Туурабы? Азыр ушинтип окусам кыргыз эли мага күлөт. Кыргыздын атын кордобогулачы, айланайын», — деди Шакиев. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg