Нурлан Насип бир күндө канча акча табат?
26-аяк оона, 2019-ж // //Кыргызстандагы эң популярдуу ырчылардын бири Нурлан Насиптин жашоосу тууралуу Limon.KG маалымат агенттиги жазып чыкты.
Аталган маалымат агенттик Нурлан Насиптин туулган жылы, өмүр баяны, ата-энеси, бир туугандары, чыгармачылык жолу тууралуу кеңири маалымат берген.
Андан тышкары ал чыгармачылыктын алгачкы жолунда эки бөлмөлүү батир сатып алганын, бирок кийинчерээк чоң үй салып, ал квартираны эжесине белекке бергени баядалат.
Элди кызыктырган дагы бир маалымат ал бир күндө 5000 доллар тапканы болду.
Ал эми алтымыштан ашык популярдуу ырлары, кырктан ашык клиптери, сүйүү тууралуу ырларынын бардыгы жубайы Асел Кадырбековага арналганы жазылат.
Булак: «argument.kg»