Баарына белгилүү болгон Нурлан Насип ,10-сентябрда 29 жашка толду. Ырчы куттуктап жаткан бардык күйөрмандарына, досторуна ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.
» Түнкү саат 00:00дөн кийин чарчап келсем үйдөгүлөр куттуктайбыз деп күтүп отурушуптур. Бир туугандарым дагы топтолушуптур. Майрам түндө эле башталып, жубайым кымбат баалуу жыпар жыттуу атыр тартуулады. Азыр жумуштарым менен көчөгө чыгып баратып ошол жыпар жыттуу атырды себинип алдым. Негизи туулган күнүмдү белгилейин деген планым жок болчу. Жашың улуулаган сайын убакыттын көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөң менен чогуу өткөргүң келе берет экен. Бирок досторум кечинде чакан кече өткөрөлү дешти. Ошондой эле социалдык тармак аркылуу куттуктап жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем», — дейт ал
Булак: Интернет тармагынан алынган.