Нурлан Мотуев зордуктоого шектелүүдө

Нурлан Мотуев зордуктоого шектелүүдө

07-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Нурлан Мотуев зордуктоо кылмышына шектелгени тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө тарап жатат.

Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анын үстүнөн К.С. аттуу жаран (аял киши) 3-январда арыз жазган.

Арыз ээсинин айтымында, аны шектүү жаран 2022-жылдын 20- августунда Москва көчөсүндө жайгашкан батирине алдап алып барып, жыныстык катнашка барган.

Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки тергөөнүн алкагында тиешелүү экспертиза дайындалды.