Нурлан Кадыров: “Алмаз Бейшеналиев Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, өкмөт башчысына акча бериш керек» деп калп айтып 100 миң доллар пара алат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Билим берүү министрин “подстава” кылды деп күмөн санап жаткандарга маалымат иретинде.
Украина Россия согушу башталганда ал жакта окуган индиялык, пакистандык студенттер качып чыгышкан. Алар он миңдеп саналат. Аларды өз өлкөлөрү ар кайсы мамлекеттерге окуусун улантууга жиберишет. Студенттери биздин жогорку окуу жайларына келип окууларын улантуу маселесин чечүү үчүн Индиянын бийлик өкүлү билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевке келип жолугат. Алмаз Бейшеналиев «ал студенттердин баарын кабыл алыш үчүн өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, өкмөт башчысына акча бериш керек» деп калп айтып 100 миң доллар пара алат. Бул 28-август күнү болгон окуя.
Долларды алып, өкмөттүн токтомун 30-август күнү чыгартып берет. Бирок чет өлкөлүк жаран «Токтом биз сурангандай болбой чийки болуп калыптыр» деп кечээ кайра министрге келет. «Биздин студенттерди саналуу эле (5-6) жогорку окуу жайга кабыл алуу боюнча токтом чыгып калыптыр. Ошондуктан токтомго өзгөртүү киргизип, Кыргызстандын баардык окуу жайларына кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз»,- деп кайрылат. Министр болсо «Эки-үч күндүн ичинде жаңы токтом кабыл алдыртып берем, бирок тездеткеним үчүн дагы 10 миң доллар төлөшүңөр керек’,- деп, 10 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Мурдагы 100 миң доллар алганын да толук мойнуна алды. Бул каражаттын 37 миң 500 долларын кармалары менен дароо эле ИИМде тергөөгө накталай кайтарып берди. Айтымында 52 миң долларын жолтандабас унаа алып келип кайра сатып бизнес кылам деген бир тууган бажасына карызга берген. Ал бажасы дагы тергоого келип 52 мин доллар алганы чындык экени боюнча корсотмо берди. Калган акчаларды банктык эсебине салган, үйүнө каткан. Пара түрүндө алган акчаны толук кайтарып берүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн кызыкчылыгында айтылбайт. Тергөө бүткөндө толук маалымат берилет.
Чындык мына ушундай. Толук маалымат чыкканча чыдап туруңуздар.

Фейсбук колдонуучусу Талант Каниметов

Аргумент.kg