Новосибирскийден Кыргызстанга келе албай жаткан мекендешибиз өзүнө кол салды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Новосибирск-Бишкек каттамынын жокко чыкканына байланыштуу бир айга жакын убакыттан бери Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үйлөрүнө кайтып келе албай жатышат. Күтүүдөн тажап, айласы кеткен жарандар аэропортто түнөөгө мажбур болушууда. Ал абалды чагылдырган сүрөттөр интернетке тарап, абал учурда кызуу талкууланып жатат. Ал эми кечээ, 15-апрелде жүргүнчүлөрдүн бири өз жанын кыюуга аракет кылганын аэропорттогу жаран билдирди. Аялды өзүнө кол салууга Бишкекте күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө күтүп жатканы, ага кыйын учурда жетип бара албаганы себеп болгон. Мындан улам ал өзүн өлтүрүү максатында көп өлчөмдө дары ичкен. Аны байкаган башка жарандар «Тез жардам» кызматын чакырып, жаранга убагында жардам көрсөтүлгөн. Ал эми азыркы абалда өзүнө кол салууга аркет кылган жарандын абалы жакшы экенин аэропортто кармалып турган Айнагүл Калкберди кызы билдирди. «Кечээ өзүнө кол салууга аракет кылган эженин абалы учурда жакшы. Себеби ага убагында жардам көрсөтүлүп калды. Бишкекте күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө экенин айтып, күтүп жатып ушул кадамга барды. Өзү кыжаалат болуп, тынчсызданып жатса күйөөсү эмне болуп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын да сурай албай койдук. «Жолдошум баса албайт» деп жаткан, сыягы эженин жолдошунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген», — деп билдирди жаран
Булак:Супер.кж

Аргумент.kg