Новосибирск шаарында 44 жаштагы кыргызстандык аял жети миллион рубль салынган баштыкты уурдаганы үчүн 2,5 жылга соттолду. Бул тууралуу Орусиянын Октябрь райондук сотунун сайты билдирет.
Алардын айтымында, Айнагүл Борбуева 2021-жылдын 4-ноябрында таңга маал Добролюбова көчөсүндөгү №1 үйдүн жанындагы тротуардан акча салынган баштыкты байкап калып, аны алып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Аял ал баштыкта акча болбогонун айтууда. Бирок сот ага карабай аны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга түзөтүү колониясына кескен.
Иштин далили катары ишкердин өзүнүн сөздөрү жана аялдын сумканы кантип алып жатканын видеокөзөмөл камераларынын жазуулары көрсөткөн. Тергөө учурунда аял СИЗОдо болгон.