Ноокаттык тыңчыкмалар Алтынбек Сулайманов менен Жусупбек Коргонбай уулу бирикти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башта бири-бирин жактырбай жүрүшкөн ноокаттык лидерлер Алтынбек Сулайманов менен Жусупбек Коргонбай уулу аз күн мурун жолугушуп, чай үстүндө масилеттешти. Бир капталдан душман тооруп, заман тарып, кырдаал чыңалып баратканда ынтымактуу болууга, ага-инилик мамилени чыңдоого батынышып, жылуу ымаланы көрсөтүштү. Мындан аркы саясый оош-кыйыштарга бирге туруштук беришери, арка-жөлөк болушары каңкууланды. Алтынбек Сулайманов оппозицияга оосо, артынан Жусупбек Коргонбай уулу да көмөк көрсөтүп, оригиналдуу жүрүшү менен көрк бермекчи. Сыягы, ноокаттык тыңчыкмалар бийликтин баш оорусуна айланышы мүмкүн. Себеби, экөөнүн тең артында калың электораты бар, каражаттары арбын. Бардар жигиттер. Мына, саясый күч ушундай биригүүдөн башталат эмеспи.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg