Ноокат менен Сузакта 2 миңден ашык пенсионер пенсия албай калган

Ноокат менен Сузакта 2 миңден ашык пенсионер пенсия албай калган

14-бугу, 2020-ж // //

Ноокат районунда 1 миң 50, Сузак районунда 2 миң 200 пенсионер апрель айынын пенсиясын албай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
“Аталган эки районго тең өзгөчө кырдаалдар кирген. Ал жерде пенсия күтүп отурган качалаган пенсионерлер бар эле. Өзгөчө кырдаалда азык-түлүк ала албай отурган персионерлерге пенсияны жеткирип бербей коюшуптур. Тез арада бергиле!, — деп билдирди Жамалдинов.