НИКЕ ТҮНДӨН КИЙИН КҮЙӨӨМӨ ЖАКПАЙ КАЛДЫМ… ЖАШООМ КАНДАЙ БОЛОТ?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Баардык нерсе нике түнүбүздөн башталды. Күйөөм нике түндөн соң жакпай калганымды айтып, жүрөктү оорутту. Андан бери жашаганыбызга алты айдын жүзү болду. Мамилебиз ысыбай эле күн санап муздап барат. Кош бойлуу болуп калсам баары унутулабы дедим. Кош бойлуу да боло албадым. Эми биздин дүңгүрөгөн үйлөнүү тоюбуз эмне болот? Кайын журтум карегим менен тең айланып, “экөө жашап кетсе, балалуу болушса” деген жакшы тилектери бар. Мен да жакшы келин болуп, аларды кубандыргым келет. Бирок күйөөмдүн мамилеси дене-бойду ичиркентет. Уят гана мени бул үйдө кармап турат. Эми болсо “Москвага кетем” деп чамынып алды. Мындан аркы жашообуз кандай болот?.. Кандай кадамга барарымды билбей кыйналап кеттим …-деп Арыба.кж билдирди.
Арууке А

Аргумент.kg