Нике түндө кыз чыкпай калдым. Күйөөмдүн эмес кайненемдин жини келип жатат.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмушка чыкканыма 2 айдан ашып калды, жолдошум экөөбүз 3 жыл сүйөшүп анан баш коштук. Бири-бирибизди сүйөбүз бирок акыркы учурда биздин үйдө болуп жаткан окуялар биздин сүйүүбүзгө балта чабууда.

Жолдошум менден 3 жашка улуу, ал менен университетте окуп жүрүп таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Андан бери бири-бирибизден такыр алыстаган эмеспиз. Окууну бүтөөр жылы ал менен бир квартирада жашап калып, чогуу жатып алганбыз. Кыздыгымды ал өзү алган. Биз жакта андай деле катуу текшеришпейт, үйлөнгөндө туугандарымды өзүм жайгарам деп сөз берген.

Ошентип отуруп мен окуумду бүтөөр замат ата-энелерибиз сүйлөшүшүп бизди үйлөндүрштү. Баары оюмдагыдай болду. Нике түндөң кийин чын эле андай деле текшеришкендей болгон эмес, бирок кайненем улуу келини менен баарын издеп караптыр. Ошол күнү эле жолдошума айтыптыр «эмне кыз эмеспи» деп.

Күйөөм мурда жашап жүргөнүбүздүн баарын ачык айтып бериптир. Бирок ага деле болбой баттан эле баласын өзүнчө алып кирип алып мээсин жей берет экен. «кыз болбосо кантип ишенип алдын, эмне кылып жүргөнүн ким билет» деген сыяктуу сөздөрүн айта берет экен. Мага деле түз айта албайт. Күйөөм башында эч нерсе дечү эмес эле, акыркы күндөрү анын да мүнөзү өзгөрө баштады.

Бөлүнүп кетели десем кайним үйлөнгүчө болбойт экен. Эмне кылсам, кантип үйбүлөнү сактап калсам деп башым катып жаткан учуру. Жардам бериңиздер.

Аргумент.kg