«Не сахардын» автору Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен ооруп жатканын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен күрөшүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал массалык маалымат каражаттарынын бирине интервью берип жатып айткан.

Анда ал: «Акыркы убактарда мен өзүмө, туугандарыма, жакындарыма аябай көп убакыт бөлүп жатам. Себеби, мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан, мага жакын арада жеткиликтүү медициналык жардам керек. Я мен өзүмдүн ооруп жатканымды билем. Бир азда толук анализ тапшырып бүтөм», — деген.

Журналисттердин: «Бул ошончолук эле олуттуубу? Бирок сен жашайсың да?», — деген суроолоруна: «Ооба бул өтө олуттуу. Билбейм, көрө жатарбыз», — деп жооп узаткан.

Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов коомчулукка «Не сахар» долбоору менен белгилүү.

Аргумент.kg