Назира Айтбекова: «Сыртыңарда кийим болуп, жан дүйнө жылаңач болсо, ошол кооптуу»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Блогерге айланган Назира Айтбекова баракчасына жан дүйнөнүн жаңырыгы болгон ички дүйнөнү тазалап, күнүмдүк көр тиричиликти да оңдоого үндөп жазды.

“Сөгүп бүттүңөрбү, уятмендер? Мага окшош бир тентегиңер болбосо, радикалдашып кетесиңер. Мындай сүрөттөр эр таба албай аткан үчүн же өзүмдү жарнама кылыш үчүн эмес. Рамкага тыгып, дем бербей баккан балдарыңарга дем алгыла, рамкадан, жан дүйнөнүн зынданынан да чыкса болот , өз жашооңорду өзүңөр кургула дегендик. Болбогон эле бир эрежеге тыгылып алып, бактысыз жашайсыңар го! Бактылуу жашагыла. Көр пенделиктен чыккыла! Сырткы кийимге эмес ички кийимге басым кылгыла. Сыртыңарда кийим болуп, жан дүйнө жылаңач болсо, ошол кооптуу. Кир сөздөрүңөрдөн мен кирдебейм! Ошону айткан, жан дүйнөңөргө ошону сиңирген силер кирдейсиңер. Жөн гана искусствого , сулуулукка, Жараткандын жаратмандыгына суктанып өткүлө. Жараткан кийимге эмес жүрөккө үңүлөт деп терең ишенем! Жакшы көрөм силерди!”

Аргумент.kg