Назира Айтбекова: “Мен турмуш курганда чычкак улак да союлган эмес, кайын журтумду кыйнаган эмесмин”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баарына белгилүү болгон алып баруучу,актриса Назира Айтбекова өзүнүн жеке баракчасына  пост жазды:
Тоябрда бир эле тойго барган мен эле болушум керек. Жалгыз мен! Жалгыз той!)) Башка тойлорго убактым болгон жок. Съемкада болдум. Мен турмуш курганда үлпөт той өткөзүп, үлпөт көйнөк кийип, шыгырата джиптерди чаңгытып, чартаңбай тээп, эримди, кайын журтумду кыйнаган эмесмин. Тыпыйып барып жоолук салынып, көшөгөгө отуруп калгам. Чычкак улак да союлган эмес. Жөн эле нике кыйылган. Жолдошум эми окуусун бүтүп келди, биз жашоону нөлдөн баштайбыз, чогуу бутка турабыз дегем. Түбөлүгүбүз түз болсо эле калганы маанилүү эмес болчу. Үңкүрдө жашап, жөө бассак да, жанымда жарым болсун деген романтикалык кыялдарга чулганган кез. Азыр ошентип романтип болот белем? Жок ой! Романтиканы жолдошуман күтмөкмүн. Меники жешилди. Тажырыйбалуу анан акылдуу болуп кеткенден бери бардар, бага алган, кадырыма жете алган, романтика уюштуруп бере алган, мен сүйүп эмес, мени сүйө алганды эле жандайм. Илгеркидей шыпыргы сатып алып, өзүмдү кожойке сезип, сүйүнбөй калганыма көөөп болду. Үлпөт көйнөк кийген кыздарга суктанып жүрдүм бир топ, бирок “Быйыл сөзсүз күйөгө тием” киносунда, “Көк салкында” кийдим. Эми чочуп бир күнү туура эмес бутуман туруп алып, турмуш куруп калсам деле көөөп кишилик, пафос тою жок эле чет өлкөдө он чакты жакынымды чакырып алып, барпайган көйнөктүн ордуна чакан, тыпыйган ак көйнөк кийип, океандын жээгинде романтикалуу үлпөт болмок. Бүткөн соң , чакан компаниябыз менен жакшы тамак жеп, жакшы сөздүн үстүндө отуруп, кечинде клубка барып, бугубузду чыгара бийлеп келмекпиз. Аларга да өзүбүзгө да ошол жактан бал айын өткөзүп, жайларыбызга тарамакпыз. Бизде өтө эле ысырапкорчулук орун алат. Тойго бараткан адамдын сүйүнүп эмес, сүйлөнүп баратканын көп көрөм. Берип аткан акчасына ичи өткөн андан көп. Ошолордун батасы кайсы жагынан тиет ким билсин? Атайы дептер ачып алып, “Сага бергем, мага бер” соодалашуусу кайсы ынтымакты алып келет? Колунда барларды “Акча кошол алат”, “Авторитет” деп чакырган эсептешүү, пафостун кажети канча? Чын ыклас менен жакшылык өткөрүү, жакшылыгың мн бөлүшүүдөн мурун атанлашуу, эл көзүнө көрүнүү, элдин көзүндө өйдө болуу, душмандын ичин күйгүзүү, тараткан акчаңды кайтаруу бп калды го? Же жалганбы?-деп жазды

Булак: argument.kg

Аргумент.kg