Назира Айтбекова: Мадумаров эмне кылып жардам берип жатат Орозайымга?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу алып баруучу Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасына жазды:

 

«Бир байке бийликке каршы чыгып жүрүп, алар өмүрүнө коркунуч туудурганда оппозициядан колдоо таппай, азыркыга чейин чет өлкөдө. Ошол байке “Назира, акылың болсо, такыр саясатка аралашпа. Менин катамды кайталаба” деди эле. Мадумаров кана кандай чара көрүп, эмне кылып жардам кылып жатат Орозайымга? Эч кандай! Ал тургай үнү чыккан жок! Сабак болуш керек ушул нерсе! Жөн эле бир саясатчынын артынан делдектей бергендин кереги жок. Өзүңөрдү өстүргүлө. Ийгиликке жеткиле. Ошол силердин мамлекетке кошкон килейген салымыңар! Эл өзү тандаган бийлиги мн жекеме жеке. Тандоосунун ырахатын да, кууралын көрүп, өздөрү жыйынтык чыгарат. Бир айттык. Эки айттык. “Эл душманы” аталдык. Болду да. Карапайым элдин аң сезими көтөрүлүп, ойгонгондо туура адамдар келет. Болбосо, кандай бийлик келсе, ошол биздин күзгүбүз деп билгиле. Бийлик ит болуп атса, ал биздин иттигибиз! Бийлик сонун болсо, биздин сонундугубуз! Ушуну мээбизге жеткире албай убарамын»-деп жазды ал.

Аргумент.kg