Назира Айтбекова: «Чырайын чайга чылап иччүдөй сулуу жигит экен…» Алып баруучу Назира кимге ашык?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү теле алып баруучу, блогер Назира Айтбекова сулуу мырза тууралуу пикирин жазып калтырыптыр. Анын жазганы ар бир аялзатына мүнөздүү сыпатталганы менен өзгөчөлөнгөнүнө окурмандар баа беришти.
“Чырайын чайга чылап иччүдөй сулуу жигит экен. Бой десең бою, ой десең ою бар. Кең далылуу, жайнаган көздөрү бар. Кыздарды кылтакка иле турчу келбетке эгедер. Жалдырап тиктейт. Көздөрүндө учкун. Сезимдин жаш учкуну. Айланчыктайт. Алоолонгон отко күйөрүн билбей, шашылган көпөлөктөй айланат. » Күйгүзсөм, көңүлүң ооруйт «- дейм. Баарына кайылсың. Мен ишенбей калган сүйүүдөн сүрткүң келип.. Ууртуман жылмаям. — Али жашсың,- дейм. » Жандап баскан жаштыгыңды аядым»,- деген ыр бар го. Ошонун кайрыгын созгум келет. Алдымда али айранды үйлөп иче элек жаш улак, мен болсо, кааласам, калдыгын калтырбай жалмап кетчү карт бөрүдөй сезилем. «Уулумдан 17 эле жаш улуу, дагы бир уулдун кереги не? Мадыра баштарга үмүт бербей, адатыңча ашат да, жолуңду ула «- деп улам укуйт ичимдеги бир үн. Дагы бир тарабым болсо, — А эмне болуптур? Татынкакай жигит экен. Мүмкүнчүлүк бер да! — дейт. Анан эле апасы келет эсиме. Сүтү оозунан кете элек. Тарбияласа, ийге түшчү, таңкы шүүдүрүмдөй таптаза кыз күтүп атса эле, тиги мадыра башка кошуп, даңкайган өзүмөн чоң уулумду жетелеп кирип келе жатканымды элестетем! Ушу жерден романтикамдын учкуну «жалп» өчөт! «Эк » дейм жактырбай. Унаанын ачкычын бурап, жаш жигиттин жалынганынан качып, алыыыыыс айдап жөнөйм,”- деп жазды.
Назира айымдын жазганына көпчүлүк «антпей, көңүлүң жакканды жаса” деген өңүттөгү пикирлерин калтырышты.
БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg