Назира Айтбекова: “Балдарыбыз калгысы келген өлкөнү түзө албадык”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова өзунун баракчасына уулу экөөнүн сүйлөшкөн диалогун кошуп, келечек сүйө турган өлкөнү чана турган абалга келгенин баса белгилеп жазып чыккан.

— Ариет, кайсы сабактан кыйналып атасың?
— Кыргыз адабияттан!
— Апаң кыргыз тилдүү. Мени менен кыргызча сүйлөшө бер да!
— Апа, Кыргызстан өнүкпөйт да. Кыргыз тилди билип эмне кылабыз? Классташтарымдын баары орус, англис тилдерин үйрөнүшөт! Кыргыз тилге кызыкдар болгон киши жок.
— Ошондо сен кайсы өлкөдө жашагың келет? Кеткиң келип атабы?
— Өлкөмдү жакшы көрөм албетте, бирок бул суроо ачык бойдон калсын. Балким оюм өзгөрүлүп калаттыр…
Аябай намыстандым! Ыйлагым келди! Балдарыбыз калгысы келген өлкөнү түзө албаганыбызга кейидим…”-дейт Назира.
Ал эми Назира айымдын жазган посту сөздү терең түшүнгөн адамга өлкөнүн оор абалга кептелгенин айтканын түшүнөт.

Аргумент.kg