21-августта «Ала-Тоо» аянтында 100 миңден ашуун адам катышкан митинг өтөт. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине аталган акциянын уюштуруучусу жана «Лидер-Антикризис» коомдук уюмунун президенти Назарбек Нышанов билдирди.
«Биз президенттен реформаны, люстрацияны жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү талап кылабыз. Азыр өлкө экономикалык жактан оор кризиске учураган кези. 21-сентябрда «Ала-Тоо» аянтына 100 миңден ашуун адам митингге чогулат», — деди Назарбек Нышанов.
Назарбек Нышанов — Кыргызстандын патриоттук партиясынын башкы катчысы, ошондой эле Кыргызстандын таза оппозициялык кыймылынын жана коррупциялык системага каршы күрөшүү кыймылынын жетекчиси.
Эске салсак, Нышанов эки жолу түрмөдө отурган, жалпы мөөнөтү — 8,5 жыл. Ал 2020-жылдын ноябрында алтынчы жолу БШКга Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн арызын тапшырган.
NazarNews