Назира Айтбекованын мурунку күйөөсү алардын ажырашуусу тууралуу жазып чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алып баруучу Назира Айтбекованын мурдагы жолдошу Искендер Шаршеев соцтармактагы баракчасына 6 жылдан кийин экөөнүн ажырашуусу тууралуу пост жазды.

«Ажырашуу учурунда өткөн жашоого эшикти жаап койдум деп ойлочумун. Бирок кээ бир адамдар ошол эшиктин жылчыгынан кароого аракет кылып жатышат. Эгер унчукпай отурсам, бул мен жана менин үй-бүлөм жөнүндөгү жомоктор чын экенин билдирбейт. Бир жактуу маалымат болбосун деп, сиздерге хронометраж жасап берейин.

Назира экөөбүздүн ортобузда ажырашуу тууралуу сөз биринчи жолу 2015-жылы башталган. Биз таптакыр бири-бирибизге төп келишпеген адамдар болчубуз. Башка үй-бүлөдөгүдөй түшүнбөстүктөр экен го деп жүргөм. Бала үчүн үй-бүлөнү сактап турганбыз. Акыркы жылы бактылуу үй-бүлөнүн элесин элге тартуулаганбыз. Бирок табиятынан бул көрүнүш көпкө чейин созулган жок. 2016-жылдын күзүндө Дубайдагы кезектеги чет элдик эс алуудан кийин Назира бардык буюмдарын жыйнап, балам менен өз апасын үйдөн көчүрүп кетип, аз убак өтүп “талак” сураган. Ажырашууга арыз бергенбиз. Назира ажырашуу тууралуу эч кимге айтпай турууну суранды, анын себебин «коомдо ажырашкандар үчүн кыйынчылыктар көп болот» деп түшүндүрдү. Мен макул болдум. Алыскы эмес келечекте мага ошонун кесепети катуу тийди.

Ажырашууга арыз таштадык. Уулума чет элдик паспорт жасап бердим, мурунку жубайдын чет элдеги жеке жашоосу орундалган болчу. Ажырашуу процесси жарым жылга созулду, сот дагы ойлонгула деди. Бул убакыттын ичинде мурунку жубай айтканына ылайык, анын башка менен карым-катнаштары алдыга жылбай калды. Бул жерден туура түшүнүү керек, ажырашкандан кийин биз кадимки сый-урмат мамиледе жүрдүк. Уулум үй-бүлөдөгү күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн улам жабыркап калбасын деп үчөөбүз тез-тез жолугушуп жаттык, чогуу убакыт өткөрүп.

2016-жылдын декабрь айында Эльвира менен жаңы жылдык кечеден таанышып калдым. Ал жерде «баш заматта айланды-тегеренди, карым-катнаш от алды» деген нерсе болбоду. Жок. Мен эч качан үйлөнүп, аял алып азапка кайта малынбайм деп ойлонуп жаткам (мурунку никемден бир топ түңүлүп калгам)

Аргумент.kg