«Нават» чайканасыын кызматкери кууп жиберген кардарынан кечирим сурады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Нават» чайканасына тамактанууга келген кардарды кууп жиберген мекеме кызматкери кечирим сурады .

Маалыматка ылайык,окуя 11-апрелде болгон.Анда, «Дордой плаза » имаратында жайгашкан  «Нават чайканасына» Бектурсун Акибаев аттуу жаран тамактанууга барган. Бирок , мекеме кызматкери кардардын ооруганын айтып кууп жиберген .Акыйткатсыздак кабылган  кардар ММК ларга кабарлаган.

«Мен «Дордой Плаза» имаратында жайгашкан «Нават» чайканасына тамактанганы келдим. Кире бериштен мекеменин кызматкери мени тосуп алып, орой түрдө кууп чыкты. Анын себебин түшүндүргөн жок. Мен ушуну ойлогом. Менин диагнозума байланыштуу болду.Мен 2-топтогу майып, Церебралдык шал оорусу менен ооруйм», — деди ал.

Окуяга тушуккан кардарга «Нават» чайканасы кечирим сурап, сертификат тапшырган.Ошондой эле ,чайкана адмиистрациясы бул  окуя түшүнбөстүктөн келип чыкканын  , кардарларга эшиги ар дайым ачык экенин кошумчалады.

Ал эми Бектурсун Акибаев кечиримди кабыл алганын айтты.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg