Нарын шаарынын вице-мэри коронавирус жуктуруп алды
19-бугу, 2020-ж // //Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп, мэрия карантинге алынды. Бул маалыматты Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, 18-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Д.К. COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылган. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилер жана кызматкерлер аралыктан иштеп жатат.
Биринчи вице-мэр менен байланыш болгондордун баары аныкталып, алардан коронавируска карата анализдер алынган.