Нарын облусунун жетекчилиги «Бучук» алтын кенине барды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Солтон-Сары өрөөнүндөгү «Бучук» алтын кен аймагында болуп, андагы Кыргыз-Кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining Gompany” ЖЧКсы жүргүзүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Бул иш-чарага облустук жана Нарын райондук күч түзүмдөрүнүн жана тоо кен өндүрүшүнө тиешелүү бардык тармактардын жетекчилери катышты.

«2022-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевичтин уруксаты жана колдоосу менен «Бучук» алтын кенин иштетүү боюнча мыйзамдуу укугу бар “Zhong Ji Mining Gompany” ЖЧКсы курулуш иштерин баштаган эле. Бул Кыргыз-Кытай өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын ырааттуу уландысы катары саналат жана тоолуу Нарын облусунун экономикалык өнүгүшүнө чоӊ салым кошкон ири өндүрүш катары эсептелет. Өлкө жетекчилиги кенди иштетүүгө уруксат берип жатып, мындагы курулуш, өндүрүш иштери Кыргыз Республикасынын баардык мыйзамдык талаптар так аткарылып, экологиялык ченемдерден чыкпай, жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эска алуу менен жүргүзүлүшүн тапшырган эле. Мына ошол тапшырманын алкагында бүгүнтөн тарта баардык көзөмөл органдарынын жетекчилери менен «Бучук» алтын кенине келдик. Бүгүн курулуш менен таанышып чыгып, атайын жол картаны иштеп чыгабыз», — деди Алтынбек Эргешов.

Ал өз сөзүндө тоо кен өндүрүшө даярдык көрүү, курулуш иштеринде баардык уруксат кагаздар, документтер биргелешкен комиссия тарабынан тыкыр каралып, жеринде тиешелеүү текшерүүлөрдүн натыйжасында, мыйзамдарга, өндүрүштүк ченемдерге шайкеш келтирилген соӊ гана берилээрин, курулуштун айлана-чөйрөгө, экологияга тийгизген таасирлери боюнча дайыма тиешелүү органдар тарабынан байкоо жүргүзүлүп турушун тапшырды.

“Zhong Ji Mining Gompany” ЖЧКсы тарабынан атайын мамлекеттик көзөмөл кызматтары үчүн баардык шарты бар турак-жай берилет. Ал жерге курулуш-архитектуралык көзөмөл, экологиялык коопсуздук, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, техникалык көзөмөл, ветеринардык жана медициналык кызматтардын кызматчылары жол картанын негизинде түзүлгөн графикке ылайык туруктуу көзөмөл жүргүзүп турат. Биз жаратылышка, жайлоодогу мал-жандыктарга, жашоочуларга кенедей да зыяндуу аракеттерди болтурбашыбыз керек. Ошондой эле коопсуздук, коомдук тартип органдары да өлкө үчүн экономикалык түрткү берүүчү кендин иштетилишине шарт түзүү боюнча талап катуу болот. Эч кандай коррупциялык элменттер болбоого тийиш. Мыйзам талабынан чыккан ар бир аракет, ага карата аракетсиздик үчүн да жоопкерчиликке тартууну өзүм көзөмөлдөйм», — деди облус башчысы.

Курулуштун иштери, кен иштетүү долбоору менен таанышып , көзөмөл жүргүзүүчү кызматтар кен иштетүүчү компаниянын өкүлдөрү менен суроо-жооп ирээтинде маек курушту.
«Биз, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмаларына макулбуз жана өлкө мыйзамдарын кыйшаюсуз аткаруу милдетин өзүбүзгө алганбыз. Жергиликтүү элдин, анын ичинде облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун талаптарын так сак сактап, кыргыз элинин кызыкчылыгында ишмердик жүргүзүүнүн аракетиндебиз. Сиз белгилегендей, облустук, райондук кен иштетүү, курулуш иштерине тиешеси бар мамлекеттик органдардын келип, дайыма көзөмөл жүргүзүүсүнө биз да кызыкдарбыз жана шарт түзүп берүүгө даярбыз», — деди “Zhong Ji Mining Gompany” ЖЧКсынын генералдык директору Сюй Говей.
Ошондой эле облус жетекчиси «Бучук» алтын кен жайындагы курулуш иштеринде вахталык режимде иштеп жаткан Миӊ-Булак айылынын тургундары менен баарлашты.

«Мамлекеттин экономикалык-өндүрүштүк саясатын колдоп, 6 айдан бери, аба ырайынын суугуна, жолдун татаалдыгына карабай иштеп жатканыӊыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Президенттин чечими, жалпыбыздын аракетибиз менен былтыркы жылдын 4 айы үчүн Миӊ-Булак айылына компания тарабынан 50000000 сом социалдык пакет түрүндө каражат төлөп беришти. Быйылкы жылы да 50000000 сом буюрса бюджетиӊерге келип түшөт. Бул албетте, сиздердин айыл өкмөтүнө караган айылдардын жашоо-шартынын жакшырышына, мектеп, бала бакча, клуб, ФАП сыяктуу мекемелердин жаӊырышына, айыл чарба техникаларын, ирригациялык системаларын жакшыртууга чоӊ өбөлгө түзөт. Андыктан, курулуш иштеринде техникалык коопсуздукту так сактап, интрига, ушак-айыӊдардан алыс болуп, ак ниеттүүлүк менен жумуштарды аткарып, айлык маянаӊар менен үй-бүлөөӊүздөрдү камсыздай бериӊиздер. Биз, сиздер үчүн да компания үчүн калыс карап, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, эч кимдин укуктарынын бузулбашына кепил болобуз. Бирок, сиздер да өзүӊүздөрдүн милдеттерди так аткарыӊыздар. Мындан ары кенге жумушка алуу иштери айыл өкмөт башчысынын уруксаты менен болот. Кен боюнча кеӊири маалыматтарды айыл өкмөтүнөн алып турасыздар, атайын маалыматтык стенд жасалат», — деди жергиликтүү жумушчуларга Алтынбек Эргешов.

Жыйынтыгында, кенге барган расмий органдардын өкүлдөрү Нарын райондук администрациясынын башчысы Нуридин Мадимаровдун жетекчилиги алдында компаниянын өкүлдөрү менен бирге жакын арада жыйын куруп, жол картасын аныктап, көзөмөл графигин түзмөкчү болушту.

Аргумент.kg