Нарын: 14 жашар баланы асманга ыргытып ойноп жатышып, тосо албай калышкан. Ал ооруканада

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

31-январь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Ак-Талаа РИИБдин 102-кызматына Ак-Талаа райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну 2009-жылы туулган өспүрүм денесинен жаракат алып, Тез жардам бөлүмүнө кайрылганы маалымдалган.

Аталган окуя боюнча Ак-Талаа РИИБдин ыкчам-тергөө тобу Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун Тез жардам бөлүмүнө барган учурда, ушул эле күнү болжол менен саат 13:00 чамасында 7-класстын окуучусу мектептен чыгып үйгө кетип бара жатканда, 8-класстын окуучулары аны эки колдоп көкөлөтүп ыргытып кайра тосуп алгандарын, экинчи жолу ыргытканда жерге катуу түшкөнү белгилүү болгон. Андан соң ал үйүнө баргандан кийин ооруканага жеткирилген.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, аталган өспүрүм жазуу түрүндө арыз жазуудан жана тиешелүү экспертизадан өтүүдөн баш тартып, эч кимге эч кандай арыз дооматы жок экенин билдирген.

Аргумент.kg