Нариман Түлеев Атамбаевге: «Тартып алынган мүлктөрүңүзгө кейибеңиз, сиз дагы менин балдарымдын чоң атасы берген мүлктөрдү тартып алгансыз»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин экс депутат Нариман Түлеев фейсбук баракчасына жазып чыкты: «Мен бүгүнкү сот иштерин туура же туура эмес деп талкуулай албайм. Үй мүлкүңүздү тартып алганына кейибей деле койсоңуз болот. Буюрса, кийин эркиндикке чыкканда  акча таап аласыз. Менин деле мүлктөрүмдү, качан эле ажырашып кеткен аялымдагы балдарыма чоң атасы берген мүлктөрдөн бери тартып алгансыз. Бүгүнкү күндөгү сиздин соттолууңуздун баарына өзүңүз гана күнөөлүүсүз. 6 жыл сот системасын оңдоп коюууга убакыт бар эле. А сиз интрига, оппозициядагыларды камоо, сөз эркиндигин басмырлоо менен алектенип жүрүп алдыңыз. Эсиңиздеби сиз мен абакта жатканда акчаны төлөп коюп чыга бер дегенсиз. Өзүңүз дайыма мультимиллионермин деп айтчусуз. Сиз деле 15 миллион доллар төлөп коюп чыга бериңиз. Мен сиздин абалыңызды душманыма да каалабайм»-деди ал.

Аргумент.kg